Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Назарбаев шайлоого катышуу боюнча чечим кабыл ала элек


Казак президенти Нурсултан Назарбаев 26-апрелге белгиленген президенттик шайлоого катышар-катышпасын ойлонуп жатат. Бул тууралуу Назарбаев Аялдардын эл аралык күнүнө карата айымдар менен жолугушуусунда билдирди.

Алдыдагы шайлоого катышуусун суранып миңдеген каттарды алып жатканын айткан Назарбаев мындай деди:

-Чынын айтканда, менин жеке пландарым башкача болчу. Мен Казакстан эгемендик алгандан бери башкарып келатам. Балким, театрдагы сыяктуу декорацияны алмаштыруу зарылдыр.

Ал бул сөздү эмне мааниде айтканын тактаган жок.


Казакстанда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин Назарбаев өзү төрагалык кылган Казакстан калк ассамблеясы 14-февралда көтөрүп чыккан. Кийин бул демилгени бийликтеги “Нур Отан” баштаган бир нече партия колдогон. Ассамблея учурдагы шартта “экономикалык саясатты бекемдөө үчүн” президенттик шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгын билдирген. Учурда он талапкер катталды. Алардын тогузу өзүн-өзү көрсөткөндөр. 74 жаштагы Назарбаев Казакстанды 25 жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG