Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

НАТО: Украинанын чыгышында орус аскерлери согушууда


Бул тууралуу НАТОнун баш катчысынын орун басары Александр Вершбоу Ригадагы Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Украинанын чыгышында көп сандаган орус аскерлери согушууда жана жаңжалдан мерт кеткендер да арбын. Альянс өкүлү орус бийликтери жаңжалда аскерлери катышып жатканын жашыра албай калганын жана каза болгондордун көптүгүнөн калк арасында кадыр-баркы төмөндөп баратканын кошумчалады.

Вершбоу Украинанын чыгышына тынчтык орнотууда Орусия “өзгөчө жоопкерчилик” тартарын белгиледи. Анын пикиринде, орус президенти Владимир Путин Орусияда “майданды” болтурбоо үчүн Украинаны толугу менен алсыратууну көздөөдө.

Бүгүн Украинанын чыгышындагы абалды Латвиянын борбору Ригада Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG