Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

900гө жакын киши мунапыс менен эркиндикке чыгышы мүмкүн


Мунапыс өспүрүмдөргө, балалуу же кош бойлуу келиндерге, 55 жаштан жогору аялдарга карата колдонулушу мүмкүн. Эгерде буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапса, абакта отурган 900гө жакын киши эркиндикке чыгышы мүмкүн.

Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө 8-март майрамына карата өтүп жаткан иш-чара маалында билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Ширин Айтматова мунапыс аялдарга жана өспүрүмдөргө берилерин, кыз-келиндер жашоо шарттын начардыгынан улам кылмышка барарын жүйө келтирет.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев мунапысты колдой турганын, бирок бир маалда 900гө жакын кишини эркиндикке чыгаруу кооптуу экенин айтат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG