Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Сноуден Швейцариядан башпаанек сурады


АКШнын мурдагы чалгын өкүлү Эдвард Сноуден Швейцариянын бийлигине кайрылып, башпаанек сурады.

Кечээ Сноуден анын окуясын баяндаган жана Оскар сыйлыгын алган Citizenfour даректүү тасмасы көрсөтүлгөндөн кийин Женевадагы аудитория алдында видео байланышка чыкты.

Өз мекенинде Сноуден жашыруун маалыматты уурдаган жана жарыялаган деп айыпталууда. Ал 2013-жылдын жайында өкмөттүн көзөмөл программасы тууралуу маалыматтарды жарыялагандан кийин АКШдан Москвага качып кеткен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG