Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Ошто мончодо сойкукана уюштурган киши камакка алынды


Ош шаардык милициясы мончодо кыз-келиндер сойкулук кызматын көрсөтүп келгенин аныктады. Мончонун администратору камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ИИБнен кабарлашты.

Маалыматка караганда, администратор кардарлар менен кыздардын ортосунда ортомчу болуп, бир сааттык кызматы үчүн 400 сомдон алып турган.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси менен иш козголду. Ош шаардык соту аны бир айга убактылуу кармоочу жайга камакка алуу чечимин чыгарды. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG