Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Кыргызстандыктар Москвада өтүп жаткан көргөзмөгө катышууда


Москвадагы эл аралык көргөзмөгө кыргызстандык көркөм өнөрчүлөр да катышып жатканын "Азаттыкка" Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун Москвадагы өкүлү Байзак Алабаев маалымдады.

“Бул эл аралык көргөзмөгө Фариза Шейшеева жана Насыят Шейшенбек кызы катышууда. Алардын улуттук типте кийизден жасалган көркөм иштери көрсөтүлүп жатат”, - дейт Байзак Алабаев.

Көргөзмөгө КМШ жана Балтика өлкөлөрүнөн да сүрөтчүлөр жана көркөм өнөрчүлөр катышып жатат. Жыл сайын өтүп келген көргөзмө бул жолу “Адамдар жана дүйнө” деген аталыш менен уюштурулду. Көргөзмө Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө 15-мартка чейин өтөт. (LzT)

XS
SM
MD
LG