Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Нигерияда "Боко Харам" кайрадан теракт уюштурду


"Боко Харам" террордук уюмдун согушкерлери

"Боко Харам" террордук уюмдун согушкерлери

Нигериянын түндүгүндөгү Майдугури шаарында ондогон адамдар катары менен уюштурулган жардыруудан мерт кетти. Жардыруу эки базарда жана аялдамада болгон.

Акыркы айларда "Боко Харам" террордук тобу Нигериянын түндүгүндө жана кошуна Камерунда кол салууларды жана теракттарды ишке ашырып келатат. Экстремисттердин курмандыктарынын саны миңдеп саналат.

"Боко Харам" радикал уюму Батыштын билим берүүсүнө каршы күрөшүп, Нигерияда шариат мыйзамдарын киргизүүгө аракет жасап келет. Буга чейин армия жана полицияга байланышкан объекттерге чабуул жасачу. Бирок акыркы учурларда диний лидерлерге жана карапайым адамдарга кол салуусун күчөттү. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG