Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Акыйкатчы институту: Ошто эгиздердин өлүмү иликтенет


Ошто төрөт үйүнүн жетекчилиги жардам берүүдөн баш тарткандан кийин чарчап калды делген эгиздин өлүмү иликтенет. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты. Институт берген маалыматка ылайык, Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери кош бойлуу аялды кабыл алуудан баш тарткан. Бул окуяга Акыйкатчы институтунун мониторинг жүргүзүп жүргөн кызматкерлери күбө болгон. Муну дарыгер мамлекеттик медициналык мекемелерден келгендерди гана кабыл ала турганы менен түшүндүргөн.

Натыйжада кош бойлуу аял Ош облустук төрөт үйүнө жаткырылып, абалынын оор болгонуна байланыштуу операция жасалган. Эгиздин бирөө эненин ичинде өлүп, экинчиси төрөлгөндөн көп өтпөй чарчап калган. Акыйкатчы институту бул окуяны иликтөөгө алуу өтүнүчү менен тартип коргоо органдарына кайрылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков бул факт боюнча арыз түшө электигин “Азаттыкка” билдирди.

Адистердин баамында, соңку бир жылда Кыргызстанда эне, баланын өлүмү көп катталууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 95 эне төрөттөн көз жумса, эки миңден ашуун бала чарчап калган. Төрөттөн ажал тапкандардын ар бир алтынчысы мигранттар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG