Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Мамгеология алтын жана акиташ кендерин аукционго чыгарды


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик алтын менен акиташ кендерин аукционго чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун расмий сайтында кабарланды.

Аукционго Баткен районундагы Чакуш кенинде геологиялык чалгын иштерин жүргүзүүгө укук берген лицензия коюлган. Объекттин баштапкы баасы - 60 миң доллар. Аукцион ушул жылдын 23-апрелинде Баткендин райондук мамадминистрациясында өтөт.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Бозбутоо мрамор акиташ кенин иштетүү укугуна да аукцион жарыяланды. Бул объектке лицензия 100 миң долларга бааланды. Аукцион 29-апрелде Аксынын райондук мамлекеттик администрациясында өтөт. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG