Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Москвада баласын таштап кеткен кыргызстандык аял кармалды


Москва полициясы баласын көчөгө таштап кеткен кыргызстандык аялды кармады. Бул тууралуу орусиялык гезиттер жазып чыкты.

Кабарларга караганда, наристени эки киши таап алган. Бала учурда ооруканада жатат жана анын абалы канааттандырарлык.

Полиция баласын суукта таштап кеткен аялды түнү менен издеп, акыры таңга маал тапкан. 21 жаштагы аял эч жерде иштебегени, туруктуу жашаган жайы болбогону аныкталды. Кылмыш иши козголду. (ZMa)

XS
SM
MD
LG