Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Ош ооруканасы эгиздердин өлүмүнө байланыштуу түшүндүрмө берди


Ош облустук ооруканасынын директору Равшан Маметов эгиздердин өлүмүнө байланыштуу түшүндүрмө таратты. Анда оорукананын башкы дарыгери кош бойлуу аялдын канааттандырарлык абалын эске алуу менен, Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин катышуусунда ага диспансердик каттоого турууну сунуштаганы белгиленет. Медициналык текшерүү маалында ооруканага чукул жаткыруу зарыл эмес болчу.

"Бул аял орусиялык дарыгерлердин диагнозу менен келген. Ал жерде "30 апта. Эгиз. Эгиздин бирөө - ичтен чарчап калган" деп жазылып турган. Кош бойлуу аялга жана жакындарына медициналык бүтүмдү жана жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан жолдомону алып, ошол бүтүм менен шаардык ооруканада кош бойлуулукту токтотуу үчүн операция жасалыш керектиги айтылган. Эрежеге ылайык, кош бойлуулукту 22 аптага чейин токтотууга болот. 22 аптадан кийин аял көз жарганга чейин баланы көтөрүш керек. Кийин кош бойлуу аялга операция жасалбаганы, ал өзү төрөгөнү белгилүү болду. Эгиздердин бири өлүк төрөлдү, экинчиси төрөлгөндөн кийин салмагы аз болгон үчүн чарчап калды. Ош төрөт үйүнүн дарыгерлеринде суроо пайда болууда - эмне үчүн Акыйкатчы институту болгон окуянын чыныгы маңызын тактабастан бир тараптуу маалымат таратууда? Мунун баары алардын катышуусунда түшүндүрүлбөдү беле" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Акыйкатчы институту Ошто төрөт үйүнүн жетекчилиги жардам берүүдөн баш тарткандан кийин эгиздер чарчап калганын кабарлаган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG