Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:28

Ооганстан: түрмөдөгү кол салуудан үч полициясы мерт кетти


Ооганстандын түндүгүндөгү түрмөдөгү кол салууда үч полиция кызматкери өлтүрүлдү. Окуя Жаузжан провинциясында катталды. Түрмө кызматкерлери камераларга кирип, тыюу салынган буюмдарды издеп жатканда соттолуучулар кол салган. Аймактык полициянын жетекчиси Фахир Мухаммаддын айтымында, үч полициячы ошол жерден мерт кеткен. Ошол маалда башка камерадагылар чуу чыгарууга аракет кылган. Мындай жол менен соттолуучулар абактан качып чыгууну көздөшкөнүн Мухаммад кошумчалады.

Окуя катталган түрмөдө 800гө жакын соттолуучу жазасын өтөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG