Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Обама Иран менен сүйлөшүүдөн баш тартарын эскертти


АКШ Иран менен жетишилген келишимдер аткарылбаса сүйлөшүүлөрдөн баш тартарын эскертти. 8-мартта CBS телеканалына курган маегинде президент Барак Обама Иран менен жетишилген келишимдер Батыш өлкөлөрү тарабынан текшерилип туруусу зарылдыгын айтты. “Алар алдаган күндө да, биз кандайдыр бир чара көрүүгө даяр болушубуз керек”, - деди Барак Обама.

Обама сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бир катар келишимдерге жетишилгенин белгилеп, ошол эле учурда айрым келишпестиктер да сакталып жатканын кошумчалады.

Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн келерки айлампасы 15-мартта башталат.

Иран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG