Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Сим-картаны каттоо мөөнөтү 8-августка чейин узартылды


Мамлекеттик байланыш кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы уюлдук телефон колдонуучу абоненттердин 5 миллиондон ашууну гана мобилдик номурларын каттаган. Бул өлкөдөгү жалпы мобилдик байланышты пайдалануучулардын жарымынан көбүрөөк бөлүгүн түзөт.

Өкмөттүн “Зымсыз радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 8-мартка чейин бардык сим-карталар каттоодон өтүшү керек болчу. Бирок бул мөөнөткө чейин "Мегаком" байланыш компаниясынын 52 % абоненти, “О” байланыш компаниясынын 72,19 % абоненти жана "Билайндын" 59,8 % абоненти гана номурун каттоодон өткөргөн.

Эми 8-августка чейин катталбаган номурлар өчүрүлөт.

Сим-картаны паспорт менен сатуу тартиби коңшу Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанда бир топ жыл мурда эле киргизилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG