Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Борбор Азия дин аалымдары Бишкекте экстремизм көйгөйүн талкуулайт


Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтун жоочусу уюмдун желеги менен.
Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтун жоочусу уюмдун желеги менен.

Борбор Азия мамлекеттеринин дин аалымдары, Уламалар кеңештеринин мүчөлөрү Бишкекте чогулуп диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулайт. Форум 11-мартта “Ак-Кеме” отелинде өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар билдирди. Иш-чарада диний радикалдашууну алдын алуу боюнча биргелешкен план иштелип чыгат. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан адистер катышат.

Форумду “Дин, укук, саясат” уюму, Бишкектеги Ислам изилдөө илимий институту жана “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюму биргеликте уюштуруп жатат.

Серепчилер Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге борборазиялыктардын кошулушуна алардын диний сабаты чала болуп жатканы себеп экенин айтышат. (SE)

XS
SM
MD
LG