Линктер

дүйшөмбү, 16-январь, 2017 Бишкек убактысы 21:30

Жалал-Абад облусунун аймагындагы кош бойлуу аялдардын 52,5 % аз кандуулук менен жабыркоодо. Бул тууралуу облустук Калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо борборунун башкы дарыгери Айнура Давлетова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч жылдан жылга жогорулап жатат. Өткөн жылы 45% болчу.

- Ошондой эле аялдар арасында урология жактан жабыркагандар да көбөйө баштады,- дейт Давлетова.

Расмий маалымат боюнча, облус аймагында 1 миллион 99 миң калк жашаса, алардын 51% аялдар түзөт. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG