Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Ооган түрмөсүндөгү козголоңдо төрт киши мерт кетти


Ооганстандын чыгышындагы Жузжон облусунда жайгашкан абакта жаткандар тартип сакчыларына чабуул коюп, натыйжада төрт адам каза тапты.

Аймактын полиция башкармалыгынын жетекчиси Факир Мухаммед Жузжоний билдиргендей, окуя түрмө кызматкерлери камералардан бычак жана башка мыйзамсыз буюмдарды издеп жаткан учурда чыккан. Натыйжада тинтүү жүргүзүп жүргөн үч офицер жана абакта отурган бир киши каза тапты. Камактагылардын ону жараат алды.

Аталган түрмөдө 800гө жакын адам жаза мөөнөтүн өтөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG