Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Алайда жол кырсыгынан бир адам мерт кетти


Алай районундагы Ош - Гүлчө унаа жолунун 58-чакырымында жайгашкан Чыйырчык ашуусунда жол кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык 8-мартта эртең менен болгон.

Фольксваген-Пассат менен “Портер” кагылышып, жеңил унаанын ичинде бараткан үч жүрүнчүнүн бири - Алай районунун Жаңы-Алай айылынын тургуну Мадина Жолдошева кырсык болгон жерде каза тапкан. Калган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген.

Эки унаанын тең айдоочулары жабыркаган эмес. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG