Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Батыровдун улутташтырылыган имараты Жүрөк хирургия борборуна берилди


Кадыржан Батыровго тиешелүү имараттардын бири. Жалал-Абад шаары.

Кадыржан Батыровго тиешелүү имараттардын бири. Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын Курулушчулар көчөсүндө жайгашкан Кадыржан Батыровго тиешелүү толук бүтпөгөн 3 кабат имарат өкмөттүн чечимине ылайык Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр илимий изилдөө борборуна берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун директору Калдарбек Абдраманов билдирди.

Эми ал жерге аймактык кардиология, кардиохирургия, гемодиализ жана органдарды алмаштыруу кызматтары жайгаштырылат.

Мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн соң аталган имаратты Жүрөк хирургиясы борбору менен облустук Сот аткаруучулар департаменти талашып келаткан болчу.

Кадыржан Батыров 2010-жылдын июнундагы кандуу окуяны уюштурган деген айып менен сыртынан өмүрүнүн аягынан чейин соттолгон. Анын мүлкү мамлекетке чегерилген. Өзү коюлган айыпты мыйзамсыз деп атап келет. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG