Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

ИИМ: "Спайс" маңзаты боюнча эки факт катталды


Бишкекте "спайс" маңзатын сатууга жана сатып алууга байланыштуу эки факт катталды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын башчысы Алымжан Козубаев билдирди.

Анын айтымында, "спайс" сатууга шектүү 1968-жылкы аял жана сатып алган деген шек менен 1977-жылкы эркек жаран милицияга алынып келинип, каттоого алынды. Алардын мындан аркы жүрүм-туруму ички иштер органдарынын көзөмөлүндө болот.

Көптөгөн өлкөлөрдө уруксат берилбеген "спайска" Кыргызстанда тыюу салынган эмес. Андыктан ал үчүн жоопко тартуу болбойт.

Бирок, Козубаевдин айтымында, учурда аны жайылтууга бөгөт коюучу иш-чаралар жүрүп жатат.

- Кылмыш-жаза кодексинде тиешелүү берене жок, бирок шек туудурган жагдайлар боюнча чара колдонууга акылуубуз, - деди Козубаев.

Соңку кезде Бишкектин көчөлөрүндө спайс саткандар интернеттеги дарегин дубалдарга ачык жазып кеткен учурлар көбөйдү.

"Спайстын" курамына синтетикалык маңзаттар кошулгандыктан ал дароо мас кылып, адамдын нерв системасына таасир этип, өлүмгө алып келген учурлар көп катталганын адистер айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG