Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

“Себат” лицейлерин колдогон акция жүрүп жатат


Акция катышуучусу Мирбек Мырзабеков
Акция катышуучусу Мирбек Мырзабеков

Интернетте Кыргыз-Түрк “Себат” лицейлерин колдогон атайын акция жүрүп жатат. Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү парламентте көтөрүлгөн лицейди жабуу демилгесине каршы 7-марттан бери “Себаттан колуңду тарт!” деген жазуу менен сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга жайгаштырууда. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Бахтияр Касидинов “Азаттыкка” билдирди.

Алар “Себаттын” билим берүү системасы мыкты экенин, Кыргызстанда жана чет өлкөдө ийгиликке жетишип жаткан жаштардын көбү ошол лицейлерди бүтүргөнүн белгилөөдө. Акцияга Кыргызстанда жана чет жерде жүргөн жүзгө жакын бүтүрүүчү менен катар лицейде окубаган, бирок аны колдогон ондогон жарандар катышып жатат.

Быйыл 5-февралда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат Эркин Сакебаев Токмоктогу "Себат" лицейинде санитардык-гигиеналык нормалар канааттандырарлык эместигин билдирген. "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева Кыргызстан боюнча "Себаттын" мектептерин жабууну, окуу мекемесин тартип коргоо органдары же өкмөт түзгөн комиссия текшерип чыгышы керектигин да айткан.

“Себат” лицейлери Түркияда бийлик менен эки ача пикирде экени айтылган белгилүү коомдук ишмер Фетхуллах Гүленге тиешелүү. Маалыматка караганда, ал 140тай өлкөдө билим берүү жайларын, маалымат каражаттарын, изилдөө борборлорун ачкан. (SE)

XS
SM
MD
LG