Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

Гүмриде дайынсыз жоголгон аскердин сөөгү табылды


Армениянын Гүмри шаарындагы Орусиянын аскер базасынын дайынсыз жоголгон кызматкеринин сөөгү табылды. Аскер бөлүктө келишимдин негизинде кызмат өтөгөн 26 жаштагы Артур Афяндын сөөгү Гүмриге жакын Миасян айылындагы дүкөндүн жанынан асынган абалда табылган. Учурда маркум өз жанын кыйганбы же киши колдуу болгонбу, аныкталууда.

Афян 21-февралда аскер бөлүктөн эс алуу алып, Гүмридеги туугандарыныкына кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Буга чейин окуя болгон базанын дагы бир аскери Валерий Пермяков Гүмридеги жети адамдын өлүмүнө айыпталган эле. Пермяков 13-январда армян-түрк чек арасында кармалып, кылмышты мойунуна алган.

Бул кол салууга каршы Ереванда жана орус базасы жайгашкан Гүмри шаарында нааразылык акциялары өтүп, демонстранттар шектүү кылмышкерди Армениянын карамагына өткөрүп берүүнү талап кылышкан эле. Кылмышка шектүү учурда орус базасынын аймагында кармалып турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG