Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Бишкекте индиялык студенттерди тоногон эки топ кармалды


Бишкекте Индиядан келип окуп жаткан студенттерди тоноп, акчасын алып кеткен эки топ кармалды. Шаардык Ички иштер башкармалыгы 6-март күнү кечинде Турусбеков көчөсүндө тоноочулук кылып, индиялык жарандын эки миң сомун алып койгон үч жигит колго түшкөнүн билдирди.

Андан сырткары, 7-март күнү Тыныстанов көчөсүндө дагы бир индиялык жаранды бычак менен коркутуп, төрт миң сомун алып кеткен үч жигит кармалды. Тоноочулукка шектелгендердин баары 18-22 жаштагы жергиликтүү тургундар. Жогорудагы окуялар боюнча кылмыш иши козголду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG