Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Орус оппозициясы Немцов диний жек көрүүдөн улам өлтүрүлгөнүнө ишенбейт


Орус оппозиция өкүлдөрү Борис Немцов исламды сындаган билдирүүлөрү үчүн өлтүрүлдү деген версияга ишенбейт. Бул тууралуу Немцовдун пикирлештеринин бири Илья Яшин “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты. Яшин аталган версияны “акылга сыйгыс жана Кремлдин ойлоп чыгарганы” деп атап, Немцовдун исламга эч качан каршы чыкпаганын жазды.

Өткөн жума аягында саясатчыны өлтүрүүгө шектүү катары беш чечен улутундагы адам кармалган. Алардын бири чечен милициясынын атайын бөлүгүнүн мурдагы кызматкери Заур Дадаев кылмышты моюнуна алганы кабарланган.

Жекшембиде “Росбалт” агенттиги тартип коргоо органдарындагы өз булагына шилтеме берип, Дадаев Немцовду исламга каршы билдирүүлөрү үчүн өлтүргөнүн жазып чыккан.

Орус тергөө органдары буга чейин эле саясатчынын өлүмүнө исламчыл-экстремисттик күчтөрдүн тиешеси болушу мүмкүн деген версияны айтып жатышкан.

55 жаштагы Борис Немцовду 27-февралда кечинде Москванын борборунда атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG