Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:23

Путин Крымды Орусияга кошуп алуу боюнча операцияны баяндады


Орус президенти Владимир Путин Крымды Орусияга кошуп алуу операциясы тууралуу айтып берди. Мамлекеттик “Россия 1” каналында көрсөтүлчү документалдык тасмада Путин Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти Украинадан алып чыгуу жана Крымды Орусияга кошуп алуу боюнча айтып берген. Анда Путин Коопсуздук кызматы жана Коргоо министрлигинин жетекчилерин Кремлге чакырып, Януковичти аман алып калуу тапшырмасын бергенин баяндайт:

- Мен Януковтичти куткаруу тапшырмасын бердим. Болбосо аны жок кылып коюшмак. Бул операция аяктаган соң коштошуп жатып, бардык коллегаларыма: Биз Крымды Орусиянын курамына кайтарып алуу боюнча ишти баштоого мажбурбуз дедим, - деп эскерет даректүү тасмада ал күндөрдү Владимир Путин.

Былтыр март айында Крымды Орусия Украинадан аннексиялап алган. Бул окуялар учурунда Орусия Крымга аскер жөнөткөнүн четке кагып келген эле. Бул жолу орус президенти жарым аралга атайын аскер жөнөтүлгөнүн моюнуна алды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG