Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Куватовдун өлүмү боюнча Стамбулда үч адам кармалды


Стамбулда киши колдуу болгон оппозициялчыл тажик саясатчысы Умарали Куватовдун өлүмүнө шектүү катары үч адам кармалды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаты Стамбул полициясына шилтеме берип, жазып чыкты. Алардын баары тажик улутундагылар. Дагы бир адам изделип жатканы айтылды.

Бүгүн Куватовдун сөөгү Стамбулда жерге берилди. Аны менен коштошуу зыйнатында маркумдун жубайы Кумринизо Хафизова жолдошунун өлүмүнө тажик бийликтерин айыптады.

Куватовду 5-март түнү белгисиз адам атып кеткен. Түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, саясатчыны үй-бүлөсү менен бирге Сулайман Каюмов аттуу мекендеши конокко чакырган. Ал жерде Куватовдорду уулантуу аракети болгон. Жубайы жана балдары өздөрүн жаман сезип баштаганда Куватовдор сыртка чыгууга аракет кылган. Дал ушул учурда белгисиз адам оппозиционерди башка аткан.

47 жаштагы Умарали Куватов бир кезде президент Рахмондун үй-бүлөсү менен жакшы ымалада болчу. Кийин бийлик менен мамилеси бузулуп, 2012-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Мындан соң “Группа 24” аттуу оппозициялык уюм түзгөн. Тажик бийликтери аталган топту экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган.

XS
SM
MD
LG