Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

Өлтүрүлгөн тажик оппозиционеринде кыргыз паспорту болгону кабарланды


Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозиционери Умарали Куватовдо кыргыз паспорту болгон. Бул тууралуу түркиялык “Хүрриет” гезити жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, Куватов өткөн жылы февралда Стамбулга Кыргызстандын паспорту менен кирген. Ага чейин бир канча убакыт Кыргызстанда жашаганы да айтылууда. Өлкөгө кирген учурда мыйзам талаптарын бузганы үчүн Куватов Түркияда аз убакыт кармалып, кое берилген. Гезиттин жазышынча, кармалган учурда анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын айткан тажик саясатчысы түрк бийликтеринен коопсуздук менен камсыз кылууну суранган.

Макаланы жазган “Хүрриеттин” журналисти Фырат Алкачтын “Азаттыкка” билдиришинче, Куватовдун жасалма кыргыз паспорту менен жүргөнү кабарланууда.

47 жаштагы Умарали Куватовду 5-март түнү Стамбулда белгисиз адам атып кеткен. Учурда бул иш боюнча үч тажик улутундагы адам кармалганы кабарланды.

Куватов бир кезде президент Рахмондун үй-бүлөсү менен жакшы ымалада болчу. Кийин бийлик менен мамилеси бузулуп, 2012-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Мындан соң “Группа 24” аттуу оппозициялык уюм түзгөн. Тажик бийликтери аталган топту экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG