Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Бүгүн Келдибековдун үстүнөн соттук териштирүү уланат


Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун ишин кыскартуу тууралуу өтүнүчтү карамакчы. Акматбек Келдибековдун адвокаты 3-марттагы соттук жараянда ал Социалдык фонддун төрагасы болуп иштеп турганда коррупцияга жол берген деген кылмыш ишти мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-февралда Келдибековду үй камагына калтыруу боюнча чечим чыгарган эле. Ага чейин Башкы прокуратура ага каршы козголгон кылмыш иштин оор экенин жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин негиз кылып, аны №1 тергөө абагына камакка алууну суранган.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2013-жылдын күзүндө камалган. 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет өлкөгө дарыланууга кетип, Кыргызстанга 10-февралда кайтып келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG