Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

АКШ Балтикага аскер жана техника жеткирүүдө


АКШнын аскердик техникасы Латвиялык бажычылардын текшерүүсүнөн өтүүдө. 9-март, 2015-жыл
АКШнын аскердик техникасы Латвиялык бажычылардын текшерүүсүнөн өтүүдө. 9-март, 2015-жыл

Пентагондун дүйшөмбүдөгү маалыматы боюнча Латвиянын борбору Ригага 750 даана аскердик техника жеткирилген. Маалыматка ылайык, Бул “Атлантик чечкиндүүлүгү” деп аталган аскердик операциянын бир бөлүгү.

Кийинки жумада Балтика өлкөлөрүнө дагы үч миңдей АКШнын аскер кызматкерлери жеткирилет. Алар Эстония, Латвия жана Литва менен чогуу үч айлык аскердик машыгуу миссиясына катышат.

“Атлантик чечкиндүүлүгү” операциясы Орусия тараптан коркунуч күчөп турган кезде НАТОнун аскердик даярдыгын көрсөтүүчү операция.

XS
SM
MD
LG