Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Республикачы сенаторлор Иранга эскертүү кат жиберишти


Ирандын өзөктүк прогрммасы тууралуу сүйлөшүүлөр учуру. АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мухамед Жавад Зариф. Швейцария. 2-март, 2015-жыл

Ирандын өзөктүк прогрммасы тууралуу сүйлөшүүлөр учуру. АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мухамед Жавад Зариф. Швейцария. 2-март, 2015-жыл

Катта АКШ президенти Барак Обама менен жетишилген келишимдер анын президенттик мөөнөтү бүткүчө гана мыйзамдуу болору айтылган. 47 республикачы сенатордон турган топ эгер келишимдер Конгресс тарабынан жактырылбаса, алар Иран менен АКШ мамлекет башчыларынын ортосунда гана түзүлгөн деп тааныларын эскертти. Катта “АКШнын кийинки президенти бул келишимдерди оңой эле жокко чыгарып кое алат” деп айтылган.

Республикачылардын бул кадамын Акүй Иран менен өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөргө бут тосуу деп баалады. Президент Барак Обама сенаторлордун катын Тегеран менен сүйлөшүүлөргө кийлигишүү катары сыпаттады.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр 15-мартта жанданат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG