Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Жабык жайлардагы балдарды зомбулуктан коргоого арналган иш-чара болот


Эки күндүк иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери тажрыйбасын өркүндөтүшөт. Бүгүн Ысык-Көлдө баштала турган “Жашы жетелектердин абагына мониторинг жүргүзүү” деп аталган семинар жабык жайлардагы жашы жетелек балдарга жасалып жаткан зомбулукту токтотууга арналган долбоордун үч жылдыгына карата уюштурулууда.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери жабык жайлардагы балдарды кыйноодон сактоо, алар менен маектешүү, балдардын жабык жайларда жүрүү мыйзамы, аларды коргоонун эл аралык стандарты сыяктуу ыкмаларды үйрөнүшөт.

ЮНИСЕФТин маалыматы боюнча Кыргызстанда жашы жетелек балдар үчүн абакта 70 чамалуу өспүрүм бар, ал эми 117 жабык типтеги интернаттардын тарбиялануучуларынын саны 11 миңге чукул.

Өткөн жылы май айындагы БУУнун балдар укугу комитетинде жана быйыл январь айындагы адам укугу комитетинде Кыргызстандын Улуттук докладдары каралган кезде, кыргыз бийлигине балдарды зордук-зомбулуктан, кыйноолордон коргоо сунушу берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG