Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

КТРКнын башчылыгына азырынча төрт талапкер катталды


Коомдук телерадиокомпаниянын жетекчи кызматына документтерин төрт талапкер – КТРКнын аймактык кабарчылары Бөлөкбай Шеримбеков, Абдухалил Ахматов менен “Таян” маалымат агенттигинин жетекчиси Сюита Соурбаева жана “Кумбел ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Ишен Айтмамбетов тапшырды.

Документ кабыл алуу мөөнөтү бүгүн 17:00дө аяктайт.

Ушул тапта телеканалды убактылуу Илим Карыпбеков жетектөөдө. Жетекчилик орунга конкурс 10-февралда жарыяланган.

Шайлоонун мөөнөтү бүгүн аныкталат. Бул жараян болжол менен 12-мартка белгиленүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG