Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Чек ара кызматынын жетекчилиги жемкорлукка шектелүүдө


Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчилиги жемкорлукка шектелип жатканын бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын 27-ноябрында Чек ара кызматы Жаза аткаруу мекемесинен 56 миң метр тикенек зым сатып алууда баасын 1,5 эсе көп жазып, натыйжада мамлекетке 3,5 миллион зыян келтирген.

Учурда республиканын Аскердик прокуратурасынын материалдарынын негизинде Чек ара кызматынын төрага орун басарына жана башка бир катар жооптуу кызматкерлерге карата кылмыш иш козголду.

Чек ара кызматы бул маалымат боюнча комментарий бере элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG