Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Боксчу Азат Үсөналиев Мексикадагы таймашта утулуп калды


“Украина атамандары” жарым профессионалдык командасынын курамында таймаштарга чыгып жүргөн кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 5-сезонундагы 3-беттеште “Мексикалык аскерлер” тобундагы Орландо Хутцилге жеңилип калды. Бул тууралуу украиналык команданын расмий сайтында кабарланды.

Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясындагы 7-турда “Мексикалык аскерлер” командасы “Украина атамандарын” 5:0 эсеби менен уткан. Беттеш 8-мартта Мексиканын Агуаскальентес шаарында өткөн.

Украин командасы 12-мартта Лондон шаарында “Британиянын арстан жүрөктөрү” командасы менен күч сынашат. Буга чейин биринчи беттешүүдө “атамандар” 3:2 эсебинде жеңиш ээси болгон эле.

Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 5-сезонунда Азат Үсөналиев үч беттеш өткөрдү. Алгачкы таймашында “Британиянын арстан жүрөктөрү” командасындагы Эндрю Селбини уткан. Экинчисинде Орусия командасындагы Василий Веткинге жеңилди. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG