Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

Кувватовдун кыргыз паспорту боюнча маалыматты консулдук тактоодо


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун Түркияга кыргыз паспорту менен киргени тууралуу жергиликтүү гезитке чыккан маалыматты тактоо үчүн Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу бул өлкөнүн расмий өкүлдөрүнө кайрылды. Азырынча жооп алына элек.

5-марттан 6-мартка караган түнү бир нече айдан бери Стамбулда жашап жаткан тажик саясатчысын атып кетишкен. Окуядан кийин Түркиянын Hurriyet гезитинин кабарчысы Фырат Алкач 7-марттагы макаласында Кувватовдун былтыр февралда Түркияга Кыргызстандын паспорту менен киргенин жазган.

Анын айтымында, оппозициячынын өлкөгө мыйзамсыз киргени аныкталгандан кийин ал полициянын көзөмөлүнө алынган. Умарали Кувватовдун сөөгү 9-мартта Стамбулдагы көрүстөнгө коюлду. Ушул тапта түрк маалымат каражаттары тажик оппозициячысынын өмүрүнө кол салган деп шектелген бир нече киши кармалганын билдирүүдө. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG