Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Коогада жабыркагандар үйүндөгү 23 үй-бүлө башка жайга көчүрүлдү


2010-жылдагы июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулган №16 үйдүн жарымындагы адамдар башка батирлерге көчүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мэриясынын турак жай бөлүмүнүн башчысы Кадыр Жолдошбаев билдирди. 60 батирлүү №16 үй жабыркагандарга 2012-жылдын июнь айында бөлүнүп берилген болчу.

- 60 батирлүү №16 үйдөн жарака кеткенине байланыштуу анда жашаган 23 үй-бүлө башка батирлерге көчүрүлдү. Үйлөрдүн сапаты боюнча Ош шаардык прокуратурасы кылмыш иш козгогон болчу, – дейт Кадыр Жолдошбаев.

№16 үй пайдаланууга берилгенден бери үч жолу оңдолду. Бирок дубалдардагы жаракалар токтобой койгон. Мындан улам бул үйдү эл арасында «Титаник үй» деп атап коюшкан.

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин мамлекеттик дирекция тарабынан 1392 батир курулган. (YI)

XS
SM
MD
LG