Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

ИМ тобунун согушкерлери Киркуктан сүрүлүүдө


Күрддөрдүн Пешмерге күчтөрү ИМ тобунан тартылып алынган аймакта. 9-март, 2015-жыл.
Күрддөрдүн Пешмерге күчтөрү ИМ тобунан тартылып алынган аймакта. 9-март, 2015-жыл.

Ирактагы Күрд автономиясынын коопсуздук күчтөрү - Пешмерганын соңку билдирүүсүнө караганда алар акыркы күндөрү “Ислам мамлекети” тобунун 100дөй согушкерин жок кылуу менен 100 чарчы чакырым аймакка көзөмөл орнотушту.

Башкача айтканда, күрд күчтөрү азыр Киркукту “Ислам мамлекети” тобунун колундагы ири шаар – Мосул менен байланыштырган стратегиялык өткөөлдү көзөмөлдөшүүдө.

Бул аралыкта Ирактын коопсуздук күчтөрү аскерлер Тикрит шаарына жакындагандыгын маалымдоодо.

Негизинен сунниттер жашаган Тикритти бошотуу операциясы акыркы сегиз күндөн бери жүрүп жатат. Ирактын коопсуздук күчтөрү жана шийит согушкерлери азыр Тикриттин түндүк ыптасындагы ал-Алам шаарчасын ээлөө аракетин көрүүдө.

Германиялык DPA агенттиги күбөлөргө шилтеме жасап кабарлагандай, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери өз катарынан эле Ирак армиясынын чабуулунан качууга умтулган 30дай адамдын өмүрүн кыйган.

Мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин кичи мекени – Тикритти “Ислам мамлекети” тобу былтыр жайында басып алган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG