Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кулматов: Билим жана медицина мекемелерин мамлекеттик бюджетке өткөрүү зарыл


Бишкек мэриясы шаардагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин каржылоону мамлекеттик бюджеттин балансына өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта билим берүү тармагына жылына 1,2 миллиард жана саламаттыкты сактоого 1,6 миллиард сом каражат жумшалат.

Мэр "эгер бул эки тармак мамлекеттик бюджеттин балансына өтсө, аларга кеткен каражат шаарды өнүктүрүүгө жумшалмак" деп эсептейт.

Азыр шаар бюджетинин болгону 5 гана пайызы Бишкектин инфраструктурасын өнүктүрүүгө каралган. (AzK)

XS
SM
MD
LG