Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Доллар менен евронун ортосунда ажырым азаюуда


Бүгүн Азиянын биржаларындагы соодада европалык бирдиктүү валютанын америкалык долларга карата курсу акыркы 13 жылдан берки эң төмөнкү чекке түштү.

Башкача айткада 1 евро 1,0785 долларга сатылды. Бул - 2003-жылдын сентябрынан берки эң төмөнкү курс.

Аналитиктердин айтымында, америкалык доллар АКШнын борбордук банкы – Федералдык резерв системасы быйыл жыл ортосуна барып кредиттер боюнча үстөгүн көтөрүүнү баштайт деген божомолдон улам кубаттанууда.

Бул аралыкта Европанын борбордук банкы экономиканы стимулдаштыруу боюнча узактан бери күтүлгөн чара – триллион еврого баалуу кагаздарды сатып алуу өнөктүгүн баштады.

Евро алгач жүгүртүүгө киргизилген 2002-жылдын 1-январында доллардан алсыз болчу, бирок ошол жылдын соңунан тарта нарк жагынан америкалык валютаны басып өтө баштаган. (UE)

XS
SM
MD
LG