Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 20:42

Орусия эмгек мигранттарынын патент мөөнөтүн узартты


Орусия президенти Владимир Путин өлкө аймагында жашаган эмгек мигранттарына өткөн жылы берилген патенттин мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык аймактык бийлик жетекчилери 2014-жылы берилген патенттердин мөөнөтүн узартууга миграция боюнча федералдык аткаруу бийлигине кайрыла алат.

Өткөн жылы 300 миңден ашуун патент берилген.

Бейрасмий маалымат боюнча Орусиянын аймагында 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт. (LzT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG