Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Ирактын аскерлери Тикриттин жанындагы шаарчага кирди


Ирактын күчтөрү ал-Алам шаарчасынын жанында. 8-март, 2015-жыл.
Ирактын күчтөрү ал-Алам шаарчасынын жанында. 8-март, 2015-жыл.

Ирактан түшкөн соңку кабарларга караганда, өкмөттүк күчтөр жана шийит кошуундары Тикриттин түндүк ыптасындагы ал-Алам шаарчасынын борбордук бөлүгүн ээлешти жана калган бөлүгүн алуу үчүн көчө уруштарына даярданышууда.

Бул тууралуу аскерий кол башчылар билдиришип, шаарчаны ээлөө операциясын снайперлер жана жолго көмүлгөн миналар жайлатканын белгилешкен.

Негизинен сунниттер жашаган Тикрит шаарын“Ислам мамлекети” тобунан бошотууну көздөгөн аскерий операция бир апта ашуун мурда башталган эле.

Мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин кичи мекени –Тикритти “Ислам мамлекети” тобу былтыр жайда басып алган болчу.

Бул аралыкта Ирактагы Күрд автономиясынын коопсуздук күчтөрү - Пешмерганын соңку билдирүүсүнө караганда, алар акыркы күндөрү "Ислам мамлекети” тобунун 100дөй согушкерин жок кылуу менен 100 чарчы чакырым аймакка көзөмөл орнотушту.

Башкача айтканда, күрд күчтөрү азыр Киркукту “Ислам мамлекети” тобунун колундагы ири шаар – Мосул менен байланыштырган стратегиялык өткөөлдү көзөмөлдөшүүдө.(UE)

XS
SM
MD
LG