Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

НАТО өлкөлөрү Кара деңизде аскерий машыгуу өткөрүүдө


Деңизден ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн машыгууларына жалпысынан жети өлкөнүн: Кошмо Штаттардан ракета алып жүрүүчү USS Vicksburg крейсери жана Түркия, Румыния, Болгария, Канада, Германия, Италиянын кемелери катышып жатат.

НАТО соңку кездери Европанын чыгышында бир нече аскерий машыгуу өткөрдү. Бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн Орусия Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдогонунан пайда болгон камтамачылыктарын басуу үчүн жасалууда.

Өткөн аптада Орусиянын коргоо министрлиги өлкөнүн түшүтүгүндө, анын ичинде Крымда жана Москва көз карандысыз өлкө катары тааныган, Грузия жикчил аймагы катары санаган, Кара деңиз жээгиндеги Абхазияда кеңири масштабда аскерий машыгуу баштаганын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG