Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Иордан падышасы европалыктарды исламофобияга каршы турууга үндөдү


Падыша Абдалла Европарламентте сөз сүйлөөдө. Страсбург, 10-март, 2015-жыл.
Падыша Абдалла Европарламентте сөз сүйлөөдө. Страсбург, 10-март, 2015-жыл.

Падыша Абдалла бул тууралуу бүгүн Страсбургда, Европа парламентинде сүйлөп жатып айтты. Ал Европаны “исламофобиянын глобалдык өсүшүн” токтотууга жардам берүүчү маанилүү өнөктөш деп атады.

Ал белгилгендей, исламга карата кастык мусулмандар арасында экстремизм күчөшүнө шыкак болууда жана европалыктар мына ушуга каршы туруусу керек:

- Мусулмандар дүйнөсү глобалдык түшүнүктө маанилүү роль ойнойт. Биздин динибиз силердики сыяктуу эле ырайымга, тынчтыкка, чыдамдуулукка көрсөтмө берет. Силердики сыяктуу эле ар бир кишинин адамдык ар намысын колдойт.

Падыша Абдалланын пикиринде, Европа Парижде январда жасалган кол салууга жооп берүүдө “каармандыгын” көргөздү.

Бирок, Европанын өкмөттөрү да “өз ара сый урматка жана “ачык коомго” көмөктөшүүсү керек. Башка адамдарды, “алардын динин жана ишенимин кемсинтүү”- алдыга карай жол эмес.

Иордан падышасы “Исла мамлекети” тобун нацисттерге теңеп, басып алуучулук идеологиясы жек көрүүгө негизделгенине токтолду.

Расмий Амман “Ислам мамлекети” тобу туткундалган иордан учкучун тирүүлөй өрттөп жибергенден бери, ага каршы абадан сокку уруу боюнча АКШ баштаган коалициядагы ролун күчөттү. (UE)

XS
SM
MD
LG