Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

АКШ: Орусия Украинадагы жикчилдерге кайрадан курал өткөрүүдө


Ок атышууну токтотуу келишимине карабай, Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерге кайрадан курал өткөрүп жатканын Кошмо Штаттар билдирүүдө.

Мамлекеттик катчынын Европа иштери боюнча орун басары Виктория Нуланд бүгүн Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетиндеги угууда сүйлөп жатып, буларга токтолду:

- Биз соңку саналуу күндө эле Орусиянын танкттары, брондуу унаалары, оор артиллериясы, ракеталык техникасы чек арадан Украинанын чыгышындагы жикчилдерге өткөрүлгөнүн ырастай алабыз.

АКШ дипломатынын бул билдирүүсүнө тушташ Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин расмий өкүлү Андрей Лысенко Донецкте кампалар курулуп, ал эми Дебальцево темир жол түйүнү аркылуу аскерий жабдууларды жана ок-дары ташуу интенсивдүү жүрүп жатканын айткан эле.

Украин армиясынын расмий өкүлдөрү болсо 15-февралда күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишимине карабай, өкмөттүк күчтөрдүн өлкө чыгышындагы турумдары аткыланганын билдирүүдө.

Армиянын басма сөз катчысы Владислав Селезнов бүгүн Киевден маалымдагандай, акыркы бир күн ичинде Донецк облусунда армиянын сегиз шаарчадагы, Луганскта эки шаарчадагы турумдары аткыланган.

Армиянын расмий өкүлдөрү ошондой эле кечээ кечинде алардын Мариуполь шаарынын жанындагы Широкине кыштагында жайгашкан туруму да бир нече саат танкттардан жана миномёттон аткыланып, буга жооп кайтарылганын маалымдашты.

Жикчилер жарыялаган “Донецк элдик республикасынын" аскерий жетекчилеринин бири Эдуард Басуриндин ырастоосунда, акыркы бир күн ичинде ок атышууну токтотуу макулдашуусун украин аскерлери да бузган.

Бул маалыматтар ачыкталар алдында, кечээ кечинде теледен сүйлөгөн кезинде, президент Петро Порошенко өлкө чыгышындагы абалга, оор куралдарды майдан тилкесинен чыгаруу жараянынын жүрүшүнө оптимисттик баа берген болчу.

Бирок украин президенти кошумчалагандай, ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө кирген 15-февралдан бери алар 64 жоокерин жоготкон.

Өзү Украинанын чыгышында, былтыр апрелде куралдуу жаңжал тутангандан бери 6000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG