Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Жазгы талаа иштери учурунда күйүүчү май таңкыстыгы болбойт


Бул тууралуу “Кыргызстан нефтетрейдерлери” ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, жаңы жылдан бери Кыргызстан мунай сатуучулар ассоциациясы 187 миң тонна мунайзат алып келишкен. Керимкуловдун маалыматы боюнча Кыргызстанда бир жылда 1 млн. тоннага жакын күйүүчү май керектелсе, өткөн жылы мунай сатуучулар жалпысынан 1 млн. 120 миң тонна мунайзатын алып келишкен.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактары күйүүчү-майлоочу май запасы менен тиешелүү деңгээлде камсыз болгон деп билдирди Медетбек Керимкулов.(ZKo)

XS
SM
MD
LG