Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Уралдагы түрмөлөрдө 33 кыргызстандык жазасын өтөп жатышат


Орусиянын Урал аймагындагы түрмөлөрдө 33 кыргызстандык жаран кармалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунан маалымдашты. Ага ылайык, башкы консул Төлөнбай Кожобаев аймактагы бир катар абактарды кыдырып, ал жерлерде кармалып отурган мекендештери менен жолукту. Алардын көпчүлүгү жаза өтөө мөөнөтүнүн калганын Кыргызстанда өтөөгө кызыкдарлыгын билдиришкен. Аялдар түрмөсүндө отурган кыргызстандык кыз-келиндер менен жолугушууда консул аларды 8-Март майрамы менен куттуктады деп айтылат маалыматта.

Орусиянын Урал-Сибир аймагында соода-сатык, утурумдук иштер менен алектенген кыргызстандык мигранттар миңдеп саналат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG