Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Баткендеги жана Оштогу майып балдар медициналык кароодон өткөрүлөт


Бишкекте майып балдардын республикалык фестивалы болгон. 2015-жыл

Бишкекте майып балдардын республикалык фестивалы болгон. 2015-жыл

Саламаттыкты сактоо министрлиги бир катар бейөкмөт уюмдар менен бирге Баткен жана Ош облустарындагы кичинекей майыптардын ден соолугун текшеришет. Медициналык кароону Бишкектеги Эне-баланы коргоо борборунун төрт дарыгери жана Ош облустук балдар ооруканасынын эки врачы жүргүзөт. Алардын ичинде педиатр, хирург, ортопед, невропатолог жана башка адистер бар.

Маалыматка караганда жалпысы болуп аймактардагы 300 чамалуу майып баланын ден соолугу текшерилет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG