Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Таласта Апрель окуясында жоголгон автомат табылды


Калашников автоматы
Калашников автоматы

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгы жана Талас облустук милициясы Талас шаарынын 39 жаштагы тургунунун үйүн тинтип, окчонтою жана октору менен Калашников автоматын тапты.

Териштирүүдө ал 2010-жылдын Апрель окуясы учуруда жоголгон куралдардын бири экени аныкталды. Бул факт боюнча үйүндө куралды мыйзамсыз сактаган жаранга карата кылмыш иш козголду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаевдин билдиришинче, куралдарды өз ыктыяры менен кайтарган жарандарга сыйлык берүү боюнча өкмөттүн токтому чыкканына 5 жыл болду. Ага ылайык тапанча, автомат, граната өңдүү куралдарды кайтарып бергендерге 8 миң сом сыйлык берилет. (AzK)

XS
SM
MD
LG