Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Бишкекте мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков эскерилет


Белгилүү саясый, коомдук ишмер Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы 19-мартта анын Бишкектеги мемориалдык үй-музейинде өтөрүн "Азаттыкка" музейдин жетекчи орун басары Асель Жумалиева билдирди.

Иш-чарага Раззаковду жакындан билип, учурунда жанында чогуу иштешкен замандаштары Софья Байзакова, Турсун Уралиев, Сейит Жетимишов, Ирина Деркембаева, Жуман Акималиев катышып, тарыхый инсан тууралуу студенттерге айтып беришет.

Исхак Раззаков 1910-жылы Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 1961-жылы улутчул деген айып тагылып, кызматтан алынган. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарын Москвада өткөрүп, 1979-жылы каза болгон. Кийин сөөгү Кыргызстанга алынып келинген. (AzK)

XS
SM
MD
LG