Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Борбор Азия аалымдары диний экстремизмге каршы бирге күрөшөт


Бул туурасында Бишкекте уюштурулган Борбор Азия диний аалымдарынын форумунда айтылды. Алар жихад жана такфир (кимдир бирөөнү кудайсыз деп айыптоо) идеялары, Сирияга кетип жаткан жарандардын иш-аракети туура эмес экендигин белгилешти.

Аталган форум "Дин, укук, саясат" борбору менен Ислам изилдөө институтунун демилгеси жана "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген диний окумуштуулар катышып жатат.

Соңку маалыматтарга караганда Кыргызстандан Сирияга согушка кетип калгандардын саны 200дөн ашты. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG